Печать
Категория: Коом
Просмотров: 50

Баткен облусунун аймагында кайрадан жер титирөө катталды.  Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 09:45те катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске сала кетсек, облус аймагында 17-июлда да жер титирөө катталып, анда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.