Печать
Категория: Коом
Просмотров: 306

- Оштогу төрөткананы аралап кеткен блогер эч жакка кетпейм деген тил кат менен соттон бошотулса,  таза суу көйгөйүнөн митингге чыккандарды түз эфир менен көрсөткөн блогер эки айга камакка алынды. Бул нерселер блогерлерди тартипке чакыруубу?

- Блогерлердин арасында аша чаап, деңгээлин көрсөтүп, "бул жакка киргенге болбойт" десе да укпай, атырылып  кирип, "бул жери мындай экен, тигиндей каталар бар экен" деп өздөрүн укук коргоочу жана тергөөчүлөр кылып алгандары да болуп жатат. Алар бул аракети менен өздөрүнүн пиар кылып жатышат. Албетте, көп тармакта катачылыктар бар. Аларды көрсөтүп, айтыш керек. Бирок бардык нерсе өзүнүн деңгээлинде болушу керек. Алардын катачылыгын тартып, элге көрсөтө турган да,  аларды күтүп алган тарап да маданияттуу болушу шарт. Антпесек, атырыла берип, барган сайын өзүбүздүн баалуулуктарды жоготуп жатабыз. Кээде урушуп жаткандарды көрүп күлкүң келет. Маселен, айдоочуну МАИ тоссо, айдоочу МАИ кызматкерин видеого тартып, сүйлөп баштайт. МАИ кызматкери да тартипке баш ийбеген, ээн баш айдоочу дегенсип, ал да телефонго тартып баштайт. Жаман жери азыр телефон көтөргөндөрдүн көпчүлүгү бири-бирин  тартып "соцтармакка чыгарып жиберем" деп  коркутканга өтүп алышты. Негизи мындай болбошу керек. Мунун пайдасынан зыяны көп болуп калат. Ошон үчүн аша чаппай, чала-чапкыт эле бир нерселерди чыгара бербей, бардыгын өз деңгээлинде алып чыгышыбыз керек. Профессионал журналист болбой туруп эле, "мен блогер - журналистмин, тартышым керек" деп ар нерсени тарта берген да туура эмес.