Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1439

Акыркы учурда Кыргызстанда кайсы бир адамды түз жерден күнөөлүү кылып коюу өтө оңой болуп калды. Ал үчүн ниет, калп маалымат жана толтура фейк-аккаунттар гана керектелет. Кайсы бир адамга терс пикирлер өтө көп болуп жатканын байкадыңызбы? Биринчи ал пикирлерди кимдер жаратып жатканына көңүл буруңуз. Көбүнесе калп маалыматты таратуучунун билдирүүсүнө жазылган терс пикирлер ошол эле таратуучунун жашыруун аккаунттарынан чыгышы мүмкүн. Ошондо, бир адам бир нече аккаунттан кирип, коомдук пикирди бурмалап жатат. Мына, ушундай көрүнүш учурда Ош ШИИБинин жетекчисине багытталууда. Анын "автору" Айка Мусаева каймана аттуу активист экени (чыныгы аты-жөнү - Сыргатаева Астра) соцтармактарда жарыяланды:

"Кыргызстандык активист Айка Мусаева соцтармактарда кара пиар оюнча кампанияны уюштурууга айыпталгандан бери көңүл борборунда калды. Айыптоонун чын экенин анын билдирүүлөрүнүн алдына колдогон комментарийлер фейк-аккаунттар менен жазылганынан улам билүүгө болот. Бул Мусаеванын коомдук пикирди өзүнүн же ага заказ бергендердин пайдасына оодарууга жасаган аракетине далил болот. 

Учурда Мусаева Ош шаардык ИИБинин жетекчисине соцтармактар аркылуу чабуул коюп жатат. Ал өзүнүн платформасын аталган жетекчини жаманатты кылууга, элге жаман көрсөтүүгө пайдаланууда. 

Мындай жаңжалдарга Мусаеванын бул биринчи жолку аралашуусу эмес. Буга чейин ал ИИМдин министринин орун басары Мелис Турганбаевди сексуалдык кылмыштарга айыптап, коомго терс көрсөтүүгө далалаттанган. Ушул жерден Мусаеванын адамдарды уурдоо жана сатууга байланышкан кылмышы үчүн соттуулугу бардыгын белгилей кетели. 

 Мындан улам фейк маалыматтар жана кара пиар менен күрөшүү учурдун башкы маселеси болуп калганын байкоого болот. Коомчулук жана бийлик такталбаган, калп маалыматтарды таратып, анысы менен адамдардын жашоосуна жана абройуна зыян келтиргендерди токтотуу өтө маанилүү экенин билүүгө тийиш. Ал эми бул окуя дагы кандай өнүгөт, байкап турабыз".