Печать
Категория: Коом
Просмотров: 709

16-17-июлда Каркыра жайлоосунда Triniti — Happy Yurta Fest этно-бизнес фестивалы өткөрүлдү. Анын алкагында Балбай баатырдын 230, мамлекеттик ишмерлер Курман-Гали Каракеев жана Казы Дикамбаевдин 110 жылдык мааракеси белгиленди. 

Эки күнгө созулган фестивалда 200дөн ашуун боз үй тигилип, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана жергиликтүү өндүрүштөн чыккан нукура азыктар көргөзмөгө коюлду. Бул иш чарада кыргыз маданиятын толук кандуу ачып берүүгө басым жасалып, улуттук оюндар да коштоду. 

Иш чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган ЖК депутаттары, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги катышты. 

Түп районунун башчысы Каныбек Адиев аймак учурда туризмди өнүктүрүүнү башкы максатка айлантканын, анын негизинде этно-бизнес фестивалын өткөрүп жатышканын белгиледи.

"Бул фестиваль туризмди өнүктүрүүгө болгон максаттын бир кадамы. Мында сырттан, өзүбүздөн келген конокторго аймакта өндүрүлгөн нукура азыктар, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары жарнамаланып жатат", - деди.

Ошондой эле бул багытта келечекте аткарыла турган иштер тууралуу да айтып берди. 

"Биз тышкы туризмди өнүктүрүү максатында инвесторлор менен биргеликте тоо-лыжа базасын курууну пландоодобуз. Ага Каркыра жана Ысык-Көл айыл аймактарынан 100 гектардан 200 гектар жер ижарага бөлүп бердик. Долбоор соңуна чыгып калды, буйруса быйыл үлгүрсөк, капсуласын салабыз. Келечекте Каркыра айылын экошаарга айлантууну ойлонуштуруудабыз. Ал шаарда бардык нерсе экологиялык жактан таза болот. Таза сүт азыктарын чыгарып элди камсыз кылабыз. Ошол эле маалда өндүрүштөр жаратылышка зыянын тийгизбегендей шартта, жогорку деңгээлде жөнгө салынат", - деди Адиев.