Печать
Категория: Коом
Просмотров: 393

- Эки депутаттын жасалма диплому билинип калып, мандатынан ажырады. Эл арасында жасалма диплом алгандар менен саткандар да бирдей жоопко тартылышы керек деген пикирди айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Бул маселе боюнча тарыхка кайрылып көрсөк. Союз таркагандан  кийин эгемен Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевич кыргыз эли жогорку билимдүү болсун деп жайнаган университеттерди ачууга уруксат берген. Кичинекей Кыргызстанда жүздөгөн коммерциялык жогорку окуу жайлар ачылган. Бирок, ал окуу жайлар кантип иштеп жатат,  сабактар кандай өтүлүп жатканын, билим деңгээлин текшерген, көзөмөл кылган эч ким болгон эмес.  Талапка жооп бербеген окуу жайлар текшерген кишинин чөнтөгүн толтуруп койсо эле көз жумуп койгон көрүнүштөр орун алган. Окууга келгенине да, келбей жүрүп акча бергенине да  дипломдорду беришкен. Ошондой эле кээ бир шылуун агай-эжелер окуу жайдын атынан дипломдорду жасап сатышкан.  Кыскасын айтканда бардак заман болгон. Ошондой башаламан заманда жеңил окууну тандап алышып, башка өлкөдө жатып алып акчанын күчү менен диплом алышып, азыркы учурда мамлекеттик кызматтарда иштегендер, депутат болгондор өтө көп. Бул биринчиси. 

Экинчиси, диплому жасалма деп мандатынан ажыраган депутаттар да мен жогоруда айткан шылуун агай-эжелердин курмандыгы болсо керек деп ойлойм. Диплому жасалма болсо, эки депутат күнөөлүү эмес, ошол диплом саткан шылуундар жана ошол мезгилдеги система күнөөлүү деп эсептейм.

Үчүнчүдөн, айрымдар жасалма дипломдун айынан мандатынан ажыраган эки депутаттын буга чейин алган айлыгын кайтарып алуу тууралуу маселе көтөрүп жатышат. Чынында бул туура эмес. Себеби, алар диплому жасалма экенин, шылуундарга алданып калганын өздөрү да мандатынан ажыраганда түшүнсө керек. Тескерисинче, ошол учурдагы системаны күнөөлөп, шылуундарды жоопко тартыш керек. 

- Жогорку Кеңешке депутат болуш үчүн диплом керек эмес деген пикирлер да айтылып жатат. Сиздин оюңузча парламентке депутат болуш үчүн диплом  керекпи же керек эмеспи?

- Жогорку Кеңешке депутат болуш үчүн диплом керек. Анткени, ал орган мамлекеттин күзгүсү, өлкөнүн жашоосун аныктаган мыйзам чыгаруучу орган. Алар чыгарган мыйзам менен Кыргызстандын келечеги аныкталат. Анан да, ЖК мыйзам чыгаруучу жана аны көзөмөлдөөчү орган болгондуктан 45 жаштан жогору, тажрыйбасы мол жана юридикалык билими же түшүнүгү барлар гана депутат боло алат деп баш мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек.