Печать
Категория: Коом
Просмотров: 462

- Жасалма диплом 90-жылдардан бери көбөйүп кетти. Баарына сабак болуш  үчүн жасалма диплом алгандарды эле эмес, бергендерди да жазалаш керек. Азыр электрондук диплом да алышууда. Бирок жасалма экени билинип калганда уят болуп калып жатышат. Негизи жасалма диплом менен чоң кызматтарда иштегендерди алган айлыгын да, жасалма диплом бергендерди да эки эселеп төлөтүш керек. Ошондо бюджетке эселеп түшөт. Буларга мындай катаал чара көрбөсө жасалма диплом бергендер да, алгандар да токтобойт. Жасалма диплом алгандар акчаны эселеп төгүп, уяты чыгаарын далилдесек, байлар да балдарына жасалма дипломду тобокелдикке салып сатып  бербей ойлонуп калышат.

Чынында коррупцияны ошол жасалма дипломдуулар өркүндөтүп жатышат. Алар тескери иштеп, мамлекетти курутушат. 

Бирок мен жасалма дипломду бир топ жыл  иштегенден кийин билинип калганына таңгалам да. Кызматка алып жатканда неге дипломду жоопкерчилик менен текшеришпейт.  Ишке киргенче жасалма дипломду неге иликтешпейт. Депутаттардын дипломун БШК кылдаттык менен текшериши керек эле. Жасалма диплому барлардын депутат болуп калганына БШК да күнөөлүү. Жөндөп диплом текшере алышпаса, БШКнын жана кадр кызматындагылар кызматынан кетиши керек. Тагыраагы, жасалма диплому барлар кандайча депутат болуп калган деп БШКдагы тийиштүү адамдарды дагы жоопко тартыш керек. Антпесек булар бири-бирине байланышып, коррупциялашып чынжырдай болуп улашып кеткен. Буларды чынжырдан ажыратып, бөлүп жоготуш керек.