Печать
Категория: Коом
Просмотров: 811

- Жасалма диплом алганы үчүн  бир эмес, эки депутат мандатынан ажыраганы маалым болду.  Жасалма диплом менен депутат болгондорду мандатынан эле ажыратып коюш керекпи же алардын алган айлыгынан бери төлөтүү керекпи?

- Менин оюмча жасалма “диплом” менен Кыргызстан элин, мамлекетти, шайлоочуларын жана президенти алдап мамлекетик жумушка барган алдамчы политикан, демагог, патриот сөрөйлөрдү өтө айоосуз жазалоо абзел…

Мамлекетке буларга окшогондор эч качан жакшылык кылышпайт, өз жанын сактап калуу үчүн жасакерликтен башы чыкпайт!

Жазасы: канча жыл иштеген болсо жасалма диплом менен ошол жылдарда алган айлык маянасын, алган сыйлыктарын, кабинетке, автоунаага, телефонго аренда акчасын проценти менен кайтаруу керек.

Андан сырткары люстрация жолу менен өзүн, бала-чакасын мамлекеттик кызматка жолотпоо керек. Себеби элин алдагандар чыккынчы катары бааланышы абзел.