Печать
Категория: Коом
Просмотров: 72

Кызамыкка, кызылчага жана паротитке каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрүнүн Улуттук календарына ылайык 12 айлык балдарга жасалат, 6 жашка чыкканда - ревакцинация жүргүзүлөт.

Кызамыкка каршы вакцина Кыргызстандын бардык эмдөө жайларында бар. Балдарын кызамыктан коргогусу келген ата-энелер жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылышы керек.

Эмдөөдөн өтпөгөн чоңдор үчүн КПК ордуна ККВ (кызылча, кызамык вакцинасы) эмдөөсү жүргүзүлөт жана аны жекече гана алууга болот.

Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!