Печать
Категория: Коом
Просмотров: 72

11-июлдан тарта Бишкектин борборуна таза суу берүү эки күнгө токтотулган. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, бүгүнтөн баштап кайра бериле баштады.

Бишкексууканал" ЖБКнын бригадасы эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күндүк мөөнөттө аткарды. Суу алуучу жайда цистерналар дезинфекцияланып, шаардагы таза суу түтүктөрүндө керектүү иштер жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынууда.

Буга ылайык, 12-июль таңынан бери шаардын бардык аймагында, анын ичинде Арча-Бешик конушунда таза суу үзгүлтүксүз берилип жатат.