Печать
Категория: Коом
Просмотров: 851

- Жасалма диплом менен бир эмес, эки депутат мандатынан ажырады. Дагы бир депутаттын диплому жасалма деген маалымат тарап жатат. Жасалма диплом менен депутат болгондорду мандатынан эле ажыратып коюш керекпи же алардын алган айлыгынан бери төлөтүү зарылбы?

- Шайлоо башталган мезгилде партиялар акчасы жана таасири бар адам издейт, анын билими партияларга кызыктырбайт. Мамлекет үчүн деле маанилүү иштер колдорунан келбейт. Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары жергиликтүү кеңешке депутаттыкка эле татыктуу. Көпчүлүгүнө түшүнбөймүн ал жерге эмнеге барып алышты, короосунан адашып калган койдой болуп  эле жүрүшөт. Мандатынан ажыраган депутаттардын айлыгын  кайтарып алуу да оор маселе тергөө жүрүш керек, аудиттик текшерүү жана башка иштери толтура. Тагыраагы, тергөөдөн кийин сот аркылуу чечиле турган маселе.