Кантип жугат? Жугуу жолу аба-тамчы аркылуу, вирус сырткы чөйрөгө оорулуу адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө былжыр менен көп санда бөлүнөт.
Инкубациялык мезгил: 8-17 күн
Белгилери:
• дене табынын 38—40 °C чейин көтөрүлүшү
• исиркек
• кургак жөтөл
• сасык тумоо
• жарыктан коркуу
• чүчкүрүү, үндүн кырылдашы
• баш оору
• көздүн шишүүсү, кызарышы
• катуу жана жумшак таңдайдагы кызыл тактар.
Кызамыктын татаалдашуулары
Борбордук нерв системасы – кызамык энцефалит, менингит.
Дем алуу органдары - ларингит, круп (кекиртектин стенозу), бронхит, трахеит, отит, синусит, пневмония.
Ашказан-ичеги тракты - диарея.
Көрүү органдары – сокурдук.
Эмдөө – балаңызды көптөгөн коркунучтуу жугуштуу оорулардан жана алардын татаалдашууларынан коргоонун эң натыйжалуу жолу. Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсуз жана сапаттуу, улуттук талаптарга жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштарына жооп берет.
Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!