Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Анда айтылгандай, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы жогорулайт.
Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.