Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1910

- Асман шаары силерге эмне сарай беле, бир күндө бүтүрүп салгыдай. Шаардын салынышына старт берилди, азыр жумушчулар үчүн шаарча курулуп жатат, аларга шарт түзүлөт андан соң курулуш кете баштайт. 

Ага чейин эле жанталашып, жыра тартып ар кайсыны айтып жатасыңар андайы да мындайы дагы болбойт деп. ​ Кол кабыш кылбасаңар дагы ​ буттан тартпай турган оң болмок. Эртең курулуш бүткөндө сындагандарга ыңгайсыз болушу ыктымал деп жаза турган болсом, Асман менен президенттин ич кийимине чейин аңдып тургандарга бул пикирим майдай жагып, мени да ​ “даканса” деп сынга алып түркүн кооз сөздөрдү айтаар элеңер. Бирок антип айтпайм, мен ​ оюмду сиздерге башкача ​ түшүндүргөнгө аракет кылам.

Кыргызстан өзүнүн эркин жолуна түшкөн мезгилден тарта, чоң амбициялык долбоорлор деги болгон эмес.​ Болгон ГЭСтер, тоо кен ишканалары, жол, базарлар, имараттар ж.б. ж.у.с. демилгелерди ачуу, оңдоо, куруу. Болду, башкалар эсимде жок. Азыркы күнгө чейин, бир да чоң саясатчы, ​ мамлекеттик жетекчи коркпостон шаар салалы деген эмес. Бул болсо деңгээл, дымак, эрк, күч, кыраакылык, көрөгөчтүк, тайманбастык анан эң негизгиси – кыял. Баары кыялдардан башталат эмеспи. Азыркы маалда ушул постту колуңардагы смартфон аркылуу окуп атканыңар да бир кезде Френк Кандын 80- жылдардагы кыялдарынан башталган. Бүгүн бүткүл адамзаты колдонуп аткан буюмдар, минип-учуп жүргөн унаа-учактар жана башка толгон-токой материалдык жетишкендиктерибиз, элдер жашаган имараттар менен шаарлардын пайда болушуна да кыялдар себепкер болгон. ​

Биринчи идея келип, сындуу ойлор менен ичинен анализденип, кийин кыялдарга оролуп, дымакка өтүп, анан күч алып, кыраакылык жана көрөгөчтүк​ менен коштолуп, тайманбастык менен корголуп эрк жардамы аркылуу кубаттанып ишке ашат. 
Ар бир демилге, идея өз эволюциялык толгонуу жолу аркылуу ишке өтөт. Ким ал идеяны көтөрүп чыкпасын, кандай гана амбициялык демилге болбосун аны сындагандар албетте болбой койбойт. Ага адамзатынын тарыхында далилдер толтура. Мисалы, библиялык каарман Нух пайгамбар кеме салам дегенде аны шылдыңдашкан эле, баарыбыз бала кезибизде жакшы көрүп окуган Капитан Немо жөнүндө романында, суунун астынан кантип киши сүзсүн жана кантип кайыктар жүрсүн, деп аны сынга алып, шылдыңдашты эле, азыр болсо ал кайыктар каардуу куралдарга айланып, аквалангисттер болсо сууну астында бойлоп жүрүшөт.

Антип мисал келтире берсе толтура нерсени айтса болот. Сындагандар, ишенбегендер, келгиле убакыт берели жана радикалдуу 180 градуска кайрылып башкача ойлонуп көрөлү. Көбү айтат, жаңы шаарды салып эмне кылат Бишкекибизди оңдоп албайлыбы деп. Туура, Бишкекти оңдош керек, биздин борборду азыркы абалдан жана ирээтсиз курулуштардан чыгаруу абдан маанилүү, ал учурдун талабы. Бирок, Бишкектин багыты таптакыр башка. Бишкек биринчиден -​ саясий-административдик, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана логистикалык борбор, андан кийин гана туристтик ж.б., шаар. Бишкекти түздөп, туристтик шаарга айлантуу татаалыраак жана абдан көп убакытты алат. Андан караганда бош жерден жаңы долбоор баштоо батыраак жана оңой болсо керек.

Туристтик, экологиялык, төрт сезону бар, ак мөңгүлүү тоолордун ортосундагы, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан таза жаңы технологиялар менен шаар болушун мен да кыялымда көрөм. Чын дилимден каалаймын, келечекте кышы-жайы туристтер каптап, дүйнөгө белгилүү туристтик өлкөлөрдөгү шаарларга атаандаш болгон смарт шаарыбыз болсо деп.​ Жаңы дымак болуп, ийгиликтүү салынып, сырткы инвесторлор салымын кошуп, иш орундар ачылып Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берсе ​ жаман болбосо керек. Келгиле кечке эле болбойт дей бербейли, болсун деп көрөлү, биздин эч нерсебиз коробойт, тек гана убакыт керек.

Кыялдар ишке ашсын.