- Калдарбек ага, баланы апасынын фамилиясына каттатуу маселесине кандай карайсыз? Муну улуттун уңгусуна доо кетиргиси келгендердин аракети деп баалагандарга кошуласызбы?
- Ооба, ошол ойго толук кошулам. Бул демилге эч нерсе чечпегендей күлкүлүү көрүнгөнү менен, максаты бир чоң саясат. Азыр ачык байкалбаган күчтөр тарабынан улуттук тилге, маданиятка, кийимге, тарыхка жана он миң жылдап калыптанган улуттук аалам таануу сезимине сокку уруу аракети жүрүүдө!