«Ысык-Көл» эл аралык аэропортундагы азыркы эски имараттын ордуна жаңы заманбап, эл аралык талаптарга жооп бере турган аэробекет комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу "Манас" абамайданынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эсиңиздерге салып кетсек, азыркы колдонулуп жаткан «Ысык-Көл» аэропортунун аэробекети 2003-жылы курулуп ишке киргизилген. Ал эми, кечээ интернет желесине жамгыр жана мөндүрдүн кесепетинен суу каптаган видео тараган аэропорттун имараты 2006-жылы кошумча курулуп эксплуатацияга берилген. 2023-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салган.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов мамлекет башчысына өлкөнүн аэропортторун 2023-2026-жылдарга карата өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берип кеткен. Долбоорго ылайык, аэробекет орто магистралдык учактарды тейлөөгө ылайыкталган. Жаңы аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 м2 түзүп, ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт. Учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт.
Жаңы комплекстин биринчи кабатында жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залы, бажы жана паспорттук көзөмөлдөө аймагы, келген жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залдары, жүк берүү залы, VIP/CIP каттоо, учуп келүү жана учуу зонасы, экинчи кабатында бажы жана паспорттук көзөмөлдөө аймагы, жүргүнчүлөрдү жөнөтүү залдар, техникалык бөлмөлөр, кызматтык жайлар, кафетерий, алымсыз дүкөндөр, ал эми үчүнчү кабатында учуу зоналары, административдик жайлар ж.б. жайгашышы күтүлүүдө.