Печать
Категория: Коом
Просмотров: 266

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жарандарды өткөрүүдө чек ара көзөмөлүнүн белгиленген талаптарын аткарылбаган фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 4-июлда Кыргыз Республикасынын жараны А.Р. алдамчылык жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул фактыларга мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин документтештирүү боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.