- Коомчулукту дүрбөлөңгө салган матчество чечимин Конституциялык сот да колдоптур. Бирок коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Бири колдосо, бири жемелеп жатат. Сиз кайсыл тарабындасыз?
-Алтын Капалава демилгелеген матчество Батыштын арам саясатын ишке ашыруунун жолу. Ошон үчүн бул мыйзамга караманча-каршымын. Тагыраагы, мен каршы тарабындамын. Себеби, бул мыйзам үй-бүлө институтуна кедергисин тийгизип, улуттун уңгусун тебелеп-тепсеп салат. Улуттун уңгусуна доо кетирүүнү максат кылган Алтын Капалованы өлкөдөн кууп чыгыш керек. Конституциялык сот мына ушундай бузуку мыйзамды колдогону үчүн отставкага кетиши керек. Эмнегедир Конституциялык соттун төрагасы жалаң элге каршы мыйзамды колдоп жатат. Айтайын дегеним, 375-беренени киргизип, элдин жон терисин сыйрып салды.