Печать
Категория: Коом
Просмотров: 539

- Алтын Капалова демилге көтөрүп, Конституциялык сот колдоого алган матчество боюнча чечим коомчулукта түрдүү талкуу жаратты. Бул чечим парламенттен колдоо табышы мүмкүнбү?

- Менимче, бул маселе кайра артка кайтарылат. Коомчулуктун мынчалык каршылыгынан кийин эч ким даап, колдоого албайт. Бул боюнча мамлекеттик катчы да, мамлекеттин атынан пикирин билдирди. 

- Айрымдар улуттун уңгусуна доо кетирет деген матчество чечимин "төрөтүп эле таштап кете берген  эркектердин жоопкерчилигин ойготот" дегендер да жок эмес. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Бул маселени Алтын Капалова сыяктуу батыштын канализациясын агызып келгиси келгендер эмес, чындап эркек журтун тартипке чакыра турган адептүү аялзаты көтөрсө, балким мынчалык коом ызы-чуу болмок эмес. Балдарын төрөтүп, таштап кеткен күкүк эркектер сыяктуу күкүк аялдар да толтура.