Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2305

- Абдырахман агай, Алтын Капалованын  матчество боюнча жазылган арызын колдоптур деп Конституциялык сот да сынга кабылды. Ал турсун Конституциялык сот отставкага кетсин дегендер да болду. Конституциялык соттогулардын аракетине кандай баа бересиз?

- Конституциялык соттун чечим кабыл алган судьяларын өтө кылдаттык менен тандоо зарыл. Кыргыз улутунун нарк-насили, каада-салты, үрп-адаты, тарыхы ж.б. кылымдар бою ыйык сакталып келе жаткан өзгөчөлүктөрү боюнча ар бир сот болом деген талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрүү туура болот. Албетте, кыргыздар энени ыйык тутушат, бирок,наристенин улутун, уруусун, аты-жөнүн ата тегине карап аныкташкан. Биздин Үй-бүлө кодексине дагы бир жолу тактап, атанын жана апанын статусу, укуктары, милдеттери жөнүндө так, даана жазып коюу зарыл. Конституциялык сот өз чечимин кайра карап чыгып, катасын оңдоосу керек. Жогорку Кеңеш мындай одоно, алды-артын карабай, коомго кедергисин тийгизе турган чечим кабыл алган сотторду чакыртып алышы кажет. 

- Бирок Алтын Капалованы сындаган менен бул чечимбаласын таштап, башка үй-бүлөдөн бакыт издеп кеткен эркектердин жоопкерчилигин жогорулатат деген да ойлор да айтылып жатат го?

- Балдарын таштап кетип, карабай койгон эркектердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алуу керек. Керек болсо, мал-мүлкүн конфискациялап, эркинен ажыратып, ошол балдарын чоңойтуп, окутуп, үйлөндүрүп-жайландырып ж.б. толук кандуу шарт түзүп берүүнү милдеттендирип дегендей. Албетте, бул багытта, кандайдыр бир деңгээлде көйгөйлөр бар, бирок, ошончолук эле улуттук деңгээлдеги трагедияга айланган маселе эмес. Негизи, бул маселе коомчулукка болгон сигнал… дагы бир жолу бүгүнкү акыбалыбызды терең талдап, мыйзамдарыбызды дагы бир жолу карап чыгышыбыз зарыл.