Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

ДАЙЫМА МЫНДАЙ БОЛО БЕРБЕЙТ.

Бул сөздү абдан сүйөм. Жашоомдо көп колдоном. Бир да жолу мага жардам бербей койгон жок.

▪️Жүрөгүңүз боштука толуп, өз ордуңузду таппай, түшүнүксүз абалда калганыңызда "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

▪️Максаттарыңызга жетпей, үмүтүңүз үзүлүп, көңүлүңүз чөгүп турганда "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

▪️Таарынычыңыз күч алып, кечире албай, жек көрүүңүз күчөп турганда ишенимдүү түрдө "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

▪️Чыгашаңыз көбөйүп, кирешеңиз азайып, оокатка жеткире албай турганыңызда "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

▪️Сүйүүңүз жоопсуз калып, сезимдериңиз кыйналып, сүйүлбөй жатканыңызды сезип ыйлап атканда "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

▪️Туугандарыңыз менен тескери карашып, тынчтык түзө албай, туруктуу катташа албай калганда "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

▪️Жан дүйнөңүз жалгызсырап, ички дүйнөңүздөгү көз жашты жашырып, бугуңузду чыгара албай, айтарга ишенимдүү дос таба албай турганыңызда "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

▪️Чындык үчүн жек көрүнүп, четке кагылып, эч ким жаныңызда калбай калганда "дайыма мындай боло бербейт" деп айтып көрүңүз.

АНТКЕНИ, БАТКАН КҮНДҮН ТАҢ АТАРЫ ДА БАР.

Бүт баары сиз ойлогондой болуп, каалоолоруңуз аткарылып турганда да "дайыма мындай боло бербейт" деп эске алып койгонубуз жакшы.

Себеби ойлогонубуздай болбой калса, кыйналбай жеңил өтөсүз. Себеби өзүңүздү "жок" деген жоопко даярдап койгонсуз. Бир жерге байланып тура бербей "дайыма мындай боло бербейт" деп алга кадам таштай бересиз.

Зарема Игамбердиева