Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун соцтармактагы баракчасына жазылды.
"Жараткандын жардамы менен Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө стент коюлду. Бул Ош шаарындагы Кыргыз-Россия клиникасынын базасында болду.
Ымыркайдын өмүрүн сактоо үчүн кардиохирургдардын, перфузиологдордун, анестезиологдордун, эндоваскулярдык хирургдардын тобу Бишкектен келди.
Биз өтө маанилүү нерсеге кам көрөбүз", - деп жазылган.