Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Көптөгөн кыргызстандыктар жайында кошумча иштерге иштеп, кошумча киреше таап алууга умтулушат. Бул аларга салт катары болуп калган. Чындыгында, жайында жумуш көп табылат жана бул үч ай материалдык абалды чыңдап алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Эми карап көрөлү: кандай жумуштар жайына көп сунушталат жана аларды кайдан издөө керек?

Мисалы, бул жылы май айынан июнь айынын жарымына чейин headhunter.kg сайтындагы кошумча, убактылуу иштер өткөн жылга салыштырмалуу 57 пайызга көп болгон. Дээрлик бардык убактылуу жумуштардагы вакансиялар өскөн, күнүнө 4 сааттан баштап, кечки жумуштар, эс алуу күндөрүндөгү жумуштар дагы бар.

Бүгүнкү күндө кошумча ишти кайсы кесиптин ээси болбосун таба алат. Мындай вакансиялар көбүнчө билим берүү мекемелери (13 пайыз), маалыматтык технологиялар тармагы (10 пайыз), мейманкана, ресторан жана коомдук тамактануу жайлары (9 пайыз) тарабынан сунушталат.

 Мезгилдик эң суроо-талапка ээ жумушчулар болуп сатуучулар эсептелинишет. Жайкы сунушталган кошумча иштердин 38 пайызы сатуучу-консультант, сатуучу-кассир. Эмне себептен десеңиз, жайында соода активдүү болот, ошондуктан компаниялар көбүрөөк кызматкер алышат. Аны менен катар соода жаатындагы кошумча иштердин иштөө тартиби ыңгайлуу: кыска мөөнөттү эмгек келишимин түзүшөт дагы, сизди 4-6 сааттык нөөмөттө ишке ала алышат. Андан башка дагы варианттарды карап көрүшөт.

Эми мезгилдик иштин жакшы жана жаман жагына назар салалы.

Мезгил учурунда гана иштөөнүн жакшы жагы:

- Кошумча жана кээде толук кандуу жаңы профессионалдык тажрыйба топтой аласыз. Келечекте кайсы тармак менен кетээриңизди билбейсиз да, ошондуктан бул тажрыйба сизге эч убакта ашыкчалык кылбайт.

- Жаңы ролдо өзүңүздү байкаштырып гана көрбөстөн, ошол компанияны ичинен таанып да үлгүрөсүз. Ушинтип бир сезон иштөө менен бул иш сизге туура келеби же жокпу, билип аласыз.

- Профессионалдык аймагыңыз кеңейет – жаңы пайдалуу таанышууларды күтөсүз.

- Эгерде туруктуу жумушуңузда көйгөй жаралып, иш алмаштырууну ойлоп жүрсөңүз же убактылуу бош болсоңуз, жаңы жумуш таап алгыча агымда кармалууга жардам берет.

Ал эми жаман жагы:

- Сезондук жумуш дайыма эле жогорку айлык акыны алып келе бербейт. Баары ошол тармактан жана жумуш берүүчүдөн көз каранды.

- Ал бир калыптагы жашоого көнүп калгандарга, күн сайын ар башка процесске кабылууну жактырбагандарга, жашоосун өзгөртүүсүн каалабагандарга туура келбейт.

- Бир сезонго иштөөдө аны үйрөнүүгө сизге көп убакыт берилбейт, көп убакыт жок дагы. Биринчи эле күнү керектүү нерселерге көнүүгө туура келет.

Студенттерге жана өспүрүмдөргө кандай жумуштар бар?

Жаш жумуш издөөчүлөргө – өспүрүмдөргө көбүнчө промоутер, курьер, call-борборундагы оператор, репетитор, бала багуучу жумуштар сунушталат. Мындайда көрсөтүлгөн айлык акы 12 миң сомдун тегерегинде.

Өспүрүмдөр көбүнесе эмгек келишимисиз ишке алынат. Бирок эмгек келишими жок иштөөгө макул болуу – чоң тобокелчилик. Келишимсиз иштегенде так иштебеген жумуш берүүчүгө туш болуп калсаңыз, айлык акыңызды ала албай калуу оңой эле.

Ал эми студенттер жөнүндө айтсак, мында башка сөз. Кыргызстандык жумуш берүүчүлөр жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жумушка орношууга келгенде өтө жогорку айлык маянаны талап кылышаарын айтып көп даттанышат. Ошол эле убакта алар өздөрү жумуш берүүчү койгон талаптарга жооп беришпейт. Ошондуктан жумуш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөрдү квалификацияланган эмес жумушка алышат.

Канча төлөшөт? Мында көрсөткүч ар түрдүү. Орточо сумма 15 миңден 45 миң сомго жетет. Бул профессионалдык тармакка көз каранды. Эң жогорку айлык акы соода, IT курулуш жана кыймылсыз мүлк менен иштөө тармагында болот.