- Буюрса, Кыргызстанда абдан чоң амбициялык кылым долбоорунун башталышы старт алды. Учурда ага ар ким ар кандай көз карашта экени сыр эмес, өзгөчө айрым тараптар сындуу көз менен карап, ал ишке ашпай турган долбоор деп айтып жатышат. Ал ишке ашабы, же ашпайбы убакыт гана көргөзөт. Ошондуктан бир аз сабырдуу болууга чакырып кетет элем. Андан тышкары кийинки жалпы журтка маанилүү моменттерге көңүл бурушту айткым келет.
Биринчиден, Кыргызстан өз эркин жолуна түшкөн мезгилден тарта, бул долбоор чынын да амбициялуу чоң долбоор. Буга чейин ГЭС, тоо кен ишканалары, жол, базарлар, имараттар ж.б. у.с. демилгеленип, курулуп, ачылып келген. Буга чейин бир дагы мамлекет башчы тайманбастан, коркпостон шаар салам деген эмес. Бул болсо деңгээл, дымак, эрк, күч, кыраакылык, көрөгөчтүк. Бул сөздөрдү ар ким ар кандай түшүнүшү ыктымал, кошомат деп айтышат кээ бирөөлөр. Бирок президент сын-пикирлерге, күмөн-саноо карабастан приоритеттүү маселелерге принципиалдуулугун көргөзүп соңуна чыгарып атат. Мисалы, ошол эле Кумтөр маселеси, а ал жөнөкөй болгон жок мамлекетке, элге, өзгөчө Садыр Жапаровдун өзүнө, анын баарын азыр айтыштын кереги жок, элдин эсинде. Учурда Кумтөр Кыргызстанга өтүп, элге иштеп атат.
Экинчиден, Асманга кайтып келсек. Сындагандар, ишенбегендер, келгиле убакыт берели жана радикалдуу 180 градуска кайрылып башкача ойлонуп көрөлү. Көбү айтат, жаңы шаарды салып эмне кылат Бишкегибизди оңдоп албайлыбы деп. Туура, Бишкекти оңдош керек, биздин борборду азыркы абалдан жана ирээтсиз курулуштардан чыгаруусу учурдун талабы. Бирок Бишкектин багыты таптакыр башка. Бишкек биринчиден - саясий-административдик, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана логистикалык борбор, андан кийин гана туристтик ж.б. Бишкекти түздөп, туристтик шаарга айлантуу татаалыраак жана абдан көп убакытты алат. Андан караганда бош жерден жаңы долбоор баштоо батыраак жана оңой.
Асман шаарынын багыты – туристтик, экологиялык, төрт сезону бар, ак мөңгүлүү тоолордун ортосундагы, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан таза жаңы технологиялар менен салына турган шаар. Мен чын дилимден каалаймын келечекте аны кышы-жайы туристтер каптап, дүйнөгө белгилүү туристтик өлкөлөрдөгү шаарларга атаандаш болушун. Жаңы дымак болуп, ийгиликтүү салынып, сырткы инвесторлор салымын кошуп, иш орундар ачылып Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берсе эмнеге эл колдобой туруш керек. Кечке эле болбойт дей берген да болбойт, биздин эч нерсебиз коробой турат ансыс деле, кол кабыш кыла албасак да, бут тосуп, артка тартпай тура туралы.