Бишкек шаарында жана Чүй аймагында жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Анда айтылгандай, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:
Катуу шамал учурунда:
- Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.