- Ар бир элдин өзүнүн тарыхы бар! Кыргыздын тарыхы бери эле жагы 3 миң жыл, ары жагы 15 миң жыл!
Тарых - бул биздин ата -бабалардын жазылып, айтылып, сакталып калган басып өткөн жолу! Ал бөлүнбөйт!
Түрктөр тарыхын узарта албай түгөнгөндө, 3 миң жыл ашык тарыхы бар кыргызды бабаласа, эми тегин 15 - кылымдан ары издеп таппай кыйналган казактарга тарыхый бир тууган болгусу келген биздин “шерине” жегич тарыхчыларды эсиңерге келгиле дээр элем! Тарыхты тыткыласаңар эл тарыхын өзү жазып алат, эл ичинде силерсиз эле эстүүлөр билимдүүлөр толо! Тарых бөлүп кеткидей жилик эмес, ширин сок эмес шерине кылып бөлүп ичкидей, байыркы тарыхыбызга каалаганды жамактабай, жагалдангандарды жабыштыра бербей таза сактайлы, эсиңерге келгиле кыргыздар! Таза тарыхыбызды коргой албай кытайда том том болуп жазылып калган бирок жабылып жаткан тарыхыбызды которуп элге жеткире албай шерине кылып кордосоңор Манас бабабыздын кусуру ураарын унутпагыла!