Печать
Категория: Коом
Просмотров: 197

Асман шаарынын курулушуна тоскоолдуктар болбойт. Кыргыз бийлиги бул жагын өзүнө алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров шаардын капсуласын салуу учурунда айтты. 

"Урматтуу инвесторлор, бул долбоорду ишке ашыруу менен жайбаракат алектене берсеңер болот. Учурдагы бийлик сиздердин ишке тоскоолдук жасоого эч кимге мүмкүнчүлүк бербейт, буга кепилдик беребиз. Эч ким сиздерден акча талап кыла албайт же курулушка кийлигишпейт. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдары же жергиликтүү элдин атынан кимдир бирөө ишиңерге тоскоолдук жаратпайт. Эгер инвесторлорго карата кайсы бир тараптан тоскоолдук иштер болсо, аларды катаал жазалайбыз", - деди Садыр Жапаров.