- Бүгүн Асман шаарынын курулушу башталаары айтылууда. Асман шаары дүйнөдөгү кооз, керемет шаарлардын катарын толуктайт деп ишенсек болобу?
- Кыргызстан СССР убагында 70-80 жылдары жаңы шаарларды түптөгөн. Ошондон бери, эгемен мамлекет болгондон бери жаңы шаар салган жокпуз. Тескерисинче, 70 жыл эсил кайран СССР салган шаарларды, завод, фабрикаларды талап, тоноп жок кылдык. Ошол эле учурда казактар Астана шаарын салды.
Мен өзүм куруучу катары бардык курулушту колдойм. Строитель - "мирный, созидательный профессия" деп айтабыз!
Курулуш -экономиканын ИНДИКАТОРУ болуп эсептелинет. Кайсыл мамлекетте курулуштар болуп жатса, ошол өлкөдө экономика өсүп жаткан болот. Шаар курсак жалпы курулуш индустриясы көтөрүлөт, экономика өсөт, бюджетке акча түшөт, жумушчу орундар ачылат. Асман шаары келечектин 21 - кылымдын заманбап, жаңы технология, жаңы курулуш материалдары, электрондук кызматташкан, дүйнөдөгү акылдуу шаарлардын катарына кирген шаар болсун.