- Асман шаарынын курулушу башталаары айтылууда. Асман шаары дүйнөдөгү кооз, керемет шаарлардын катарын толуктайт деп ишенсек болобу?
- Асман шаары кылымдын долбоору. Бизде мындай долбоор боло элек болчу. Орто Азияда биринчи болуп, Нурсултан Назарбаев Астана шаарын курган. Бирок ал да Астананы салганда сынга кабылган, бюджетти жеп атат деген толгон-токой дооматтарды айтышкан. Нурсултан Назарбаев дагы Астананы инвесторлордун аркасы менен салган. Асман шаарын Астанадан кийинки эле чоң долбоор деп айтсак болот. Президенттин Асман шаары боюнча айткан сөздөрү ишке ашса, албетте жакшы болот. 30-июнда капсула салынып, курулуш башталат деп турат. Ага мен да катышам буюрса. Инвесторлордун да сөзүн угуп, ошондон кийин дагы кошумча маалымат берсем болот.
Бул долбоор ишке ашса, экологиялык таза, мобилдик шаар болот. Кнопканы бассаң милиция, полиция, тез жардам, тейлөө тармагы деле үйүңө келет. Ал жерде бензин, солярка менен жүргөн машинелер болбойт экен. Бул жагы жакшы. Эң оболу биздин эл ошол шаарда жашайбы, жөнөкөй адамдар мүмкүнчүлүк алабы деген суроолор элде болуп жатат.
Чынында Орто Азияда эң ири долбоордун ишке ашканы жатканы биздин кубанычыбыз.