“Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, балдарына медициналык жардам жана светтик орто билим алууга макулдук беришти. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ушул жылдын 26-майында КР УКМК тарабынан КР аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү: 1977-жылы туулган А.Т.М., 1987-ж.т. Ж.К.Т., жана 1993-жылы туулган И.М.К. кармалган. Аталган адамдар мурда Жалал-Абад шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик медициналык жардам алуусуна каршы болушкан. Ошондой эле балдарын мектепке жөнөтүшкөн эмес.
Аларга УКМКнын тергөө абагында экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өздөрүнүн ишинин туура эместигин түшүнүшүп, “Йакын-Инкар” ДЭУдан эл алдында баш тартышты. Кийинчерээк КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жашы жете элек балдар поликлиникага каттоого алынып, балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер алынды.
Учурда КР УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын жана уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер улантылууда.