Печать
Категория: Коом
Просмотров: 47

Президенттик администрация демилгелеген "Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топтун иш мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды.

Президент Садыр Жапаров токтомго 14-июнда кол койгон.

Документке ылайык, жумушчу топ мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын 1-октябрга чейин сунушташы керек. Мындан мурда 1-июнга чейин гана мөөнөт берилген.

"Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзамды президенттик администрация 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну "мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо" зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Долбоордо Кыргызстанда "чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар" түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт.