Печать
Категория: Коом
Просмотров: 156

20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мурда маалымдалгандай, УКМК  Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы менен биргеликте ушул жылдын 23-июнунда 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармаган. Ал  арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган. 

Ушул жылдын 24-июнунда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.