Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Аталган министрлик тараткан маалыматка караганда, тиешелүү келишимге 22-июнда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттин "Al Huqооq International Company" компаниясы кол коюшту.

"Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат", - деди министр.

Кол коюлган келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талап – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак.