Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Жогорку Кеңеш бүгүн, 22-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселесин карайт.

Ушул эле күнү депутаттар бул маселени кезексиз күн тартибине киргизүүнү колдогон. Байсаловдун отставкасын кароо сунушун парламенттеги "Ишеним", "Ата Журт-Кыргызстан" жана "Мекенчил" депутаттык тобу берген.

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышкан. Парламент спикери Нурлан Шакиев "Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын", бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирди.

Бул маселенин козголушуна Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттар ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов "Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин" айткан.

Байсалов "парламенттин жыйыны эки бийлик бутагынын сүйлөшө турчу аянтчасы экенин, депутаттар да өкмөткө мамилесин оңдошу керектигин" айтып, парламент депутаттары менен кайым айтышкан учурлары буга чейин да катталган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген.