Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

HeadHunter – онлайн-платформасынын изилдөөсү - Рахима Махмудова

Акыркы үч жылда жеткирүү сервиси ылдамдык менен өнүгүп баратат, мындан улам курьер болуп иштөөнү каалагандарга суроо-талап дагы жогорулады. Заманбап жашоону курьерсиз элестетүү мурда эле кыйын болчу, ал эми коронавирус пандемиясынан кийин шаарлар тамак-аш, документ, товар жана башка керектүү нерселерди алып жана жеткирген атайын формадагы адамдарсыз жашай албашы түшүнүктүү болду. Өтө көп адамдар үйлөрүндө камалып отурган маалда курьерлер коомдун кан тамырына айланды, алар аркылуу тиричилик жанданып турду. Эми ушундай күрөө тамырдай канды жүгүртүп турган иштин кандай жакшы жана жаман жактыра бардыгына токтололу.

Кайда иштөө керек?

Курьердик иш көбүнчө эмгек жолдун башталышы сыяктуу кабыл алынат. Анткени бул иште профессионалдык жөндөм талап кылынбагандыктан көбүнчө студенттер барышат. Анын үстүнө графикти өзүң каалагандай кылып алууга болгондуктан, жумушту окуу менен бирге алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок курьер дайыма эле студент эмес. Улуу кишилер, ал турмак пенсия курактагылардын арасында да курьер болуп иштегендер көп. Алар негизги каржы булагына кошумча акча табуу үчүн иштешет. Башкысы өз дараметиңди туура баалай билсең болду.

Кайда барып иштөө керек дегенде биринчи туура жооп – бул курьердик сервистер. Бул дайыма эле чоң ишканалар боло бербейт, чакан компаниялар дагы бар. Бири шаар ичине гана жеткирүү менен алектенсе, экинчиси өлкө аймагына жеткирет.

Кээ бир уюмдар дагы жеке курьерлерди алышат. Алар штатка киргизип же эмгек келишимин түзүшөт. Экинчи жагдай эгерде курьер болом деген адамдын башка жумушу же окуусу болсо, табылгыс вариант. Бирок штаттык курьер болуп жумушка орношууда алдын ала жумуш убактысын тактап алыңыз. Чакан компаниялар көп учурда курьердин кызматын толук кандуу колдоно алышпайт, а бул өз кезегинде сиздин айлык маянаңызга терс таасирин тийгизет.

Курьердик иерархиянын чокусу – бул тез арада жеткирүүнү камсыздаган уюмдагы жумуш орду. Мындай компанияларда жумуш тынымсыз табылып тургандыктан, кызматкерлерге суроо-талабы жогору, ага ылайык айлык маяна дагы жакшы чыгат.

Билим

Курьердик иш үчүн атайын билим талап кылынбайт. Айрым учурда компаниянын ички саясатына жараша билим талап кылынышы мүмкүн, бирок мындайлар сейрек кездешет. Көпчүлүк кезде жумуш издөөчүдөн орто билими тууралуу документин гана сурашат. Ал эми кесиптик жөндөм тууралуу айтсак, курьер эмнени билиши керек болсо, анын баарына стажировка кезинде үйрөтүшөт. Башкысы – документтерди толтуруу, тапшырыктарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү тартибин билип алсаңыз болду. Андан ары иш жүзүндө жумушка ыңгайлашып, ар кандай капылет пайда болчу маселелерди чечүүгө тажрыйба топтой бересиз.

Кесиптин оң жана терс жагы

Курьердин ишинин оң жагына бул ишти башка жумуш же окуу менен бирге алып кетсе боло турганын кошсок болот. Профессионалдык тажрыйба керектелбейт жана атайын билимдин дагы кереги жок. Жумушка орношуудагы талап жокко эсе. Ошондой эле айрым ваканциялар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да ылайык келет. Мисалы, курьер болуп иштеген угуусу начар же такыр укпаган адамдар көп.

Дагы бир маанилүү оң жагы – акчасы: айрым компаниялар курьерлердин акысын күн сайын, жумуш убагы аяктаары менен төлөп беришет.

Ал эми терс жагына назар салсак, ал – эмгек шарттарынын жакшы эместиги. Курьер аба ырайы кандай болсо дагы дайыма кыймылда жүрөт. Күн ысыкпы, жамгырбы, шамалбы же кар жаап атабы – курьер айтылган жерде белгиленген убакта болуп калууга тийиш. Ага кошумча бир аз моралдык ыңгайсыздык: айрымдар курьерлерди ылдыйкы катмардын өкүлдөрү катары кабыл алышат, бул адамдык ар намыска тийиши мүмкүн.