- Кыргызстанда фонограмма менен ырдоо үчүн 28 миң сомго чейин штраф салуу сунушталууда. Ырчылар макулбу?
- Менин оюмча, алгач бул нерсени сунуштоодо мурда жандуу үн менен ырдоого шарт түзүү керек го деп ойлойм. Шаардагы кээ бир гана тойканалардын гана шарты болбосо, дээрлик баардык маданий мекемелердин көпчүлүгү дүйнөлүк стандартка жооп бере алган ырдоо техника аппараттары менен жабдылган эмес. Жөнөкөй мисал: көпчүлүк концерттер өтчү Спорт ордосу менен филармониянын техникалары да андай талапка жооп бербейт. Ошон үчүн чет мамлекеттен келген ырчылар өздөрүнүн аппараттарын кошо алып келип ырдашат. Же Алма-Атадан алып келишет. Ал эле эмес үн жазган, бир дагы дүйнөлүк талапка жооп берген студия жок. Ошондуктан бул сунуш "ачка олтургандан көрө айранга нан туурап жей олтуралы" дегендей эле го. Же бюджетти штраф менен толтурса болот деген ойбу? Айтор, кыла турган иш жок сыяктуу! Бирок иргелиши иргелет! Бул ачык сөз! Бардык шартты түзүп бер да, талап кыла бер! Менин оюмча ушундай.