Печать
Категория: Коом
Просмотров: 218

УКМК тарабынан Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча  ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүздү. Жыйынтыгында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кармалды. 

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголду. Анын алкагында 2023-жылдын 19-июнунда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын Тергөө камак жайынына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катыштырууга коштоп барган. Соттук териштирүүдөн кийин алып келе жаткан убакта Э.А.нын жарандык никедеги күйөөсү сунуштаган акчага макул болуп, Сокулук районундагы мейманканалардын бирине алып барып, жубайларды жолугуштурган. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Сокулук РИИБнин кызматкери УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.