Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

Ош шаарында таштандыга болгон тариф кымбаттайт. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин жыйынында белгилүү болду. 

Мындай сунуш депутаттар тарабынан колдоо тапты. Жаңы тарифке ылайык, көп кабаттуу үйдүн бир жашоочусу айына 35 сомдон, жер үйдүн бир жашоочусу айына 40 сомдон төлөп баштайт. Мындан сырткары, жеке мектептер, жогорку окуу жайлар жана колледждердеги таштандынын бир окуучуга же студенге болгон тарифи да 10-11сомго жогорулады. Эми мектеп жана жогорку окуу жайлары бир окуучу жана бир студентке 25-30 сомдон төлөйт.