Печать
Категория: Коом
Просмотров: 632

- Гүлнара Маришовна, жакыным ооруканада эле деп врачтарга сиздин дайындооңузду өтүнгөндөр көп болобу?

- Ооба. Андай телефон чалуулар көп эле болот. Министрге айтсам жакшы карашат деп ойлошот окшойт...Мен медиктерге ар бир келген оорулууну министр дайындап жатат дегендей карагылачы деп көп айтам. Үч жыл терапевт болуп иштегенимди,  жакшы мамилемден улам жашы улуу болсо да мага  “Гүлнара эже”, - деп кайрылышканын, жарым саат сүйлөшүп отурсам эле ооруган жерим басылып калды деп кетип калышканын, оорулууларга жакшы мамиле кылсаңар эле 30 пайыз оорусун алып салганга барабар  болоорун көп мисал айтам. Чынында врачтар күнү-түнү иштешет.  Ишин сүйгөн медиктер көп. Аны пандемияда көрдүңүздөр... Буюрса, баары жакшы болот. Ооругандарга да, медиктерге да шарт түзөлү деп аракет кылып, болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.

- Мүнөзүңүз абдан жумшак экен. Ал мүнөзүңүздөн пайдаланып кеткиси келгендер болбойбу?

- Менин мүнөзүмдү жумшак деп ойлошот. Бирок мен гороскоп боюнча  чаянмын. Кыйкырбаганым менен катачылык кетирсе катуу эле айтам. Баарынан тартипти жогору коём. Мени пайдаланып кетейин дегендерге жол бербейм.

- Сизди Матраимовдун кадры дешет. Ошон үчүн эч ким ордуңуздан козгой албайт экен. Ошол чынбы?

- Мен Кара-Сууда көп жыл иштедим. Депутат да болдум. Кара-Сууда көп жыл иштегеним үчүн мени Матраимовдун кадры деп жатышат окшойт. Чынында министрлик кызматка келеримди дагы билген жокмун. Баары мага күтүүсүз болду.

- Жакындарыңызга орун керек болсо эле айрым медициналык борборлорго бир айда үч-төрт текшерүү жиберет деген да маалымат тарай баштады. Буга кандай комментарий бересиз?  

- Шамалдын кайдан согуп жатканын билип жатам. Сөз Эне жана баланы коргоо улуттук борбору  жөнүндө болуп жатат окшойт. Мен ал борбордун жетекчисин кызматтан алып, таанышымды анын ордуна коёюн деген жерим жок. Ал катачылыктарын оңдобогонунан улам текшерүү барып жатат. Мен күнү-түнү иштейм. Түнкүсүн маска тагынып алып, ооруканаларга барам. "Бул канчадан, тигил канчадан" деп баарын сурайм. Ашыкча акча алуу аракети болсо, эртеси кабинетке чакырып алып айтам. Мен табиятымдан жетекчини кызматкерлеринин алдында сындырбайм. Катачылыгынын өзүнчө чакырып айтам.  Кандай болсо да пайда табууну биринчи орунга койбой дарыгерлер да өз милдетин так аткарып, кызматына кыянаттык кылбашы керек.