Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Ош шаарында таштанды иргөөчү үчүнчү аянтча пайда болот. Ал Алай көчөсүндө орнотулаарын Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов жолду реконструкциялоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жаткан Алай көчөсүнө барды.

Жумуш алкагында аталган көчөдө таштандыларды ылгоочу контейнерлерди орнотуу жана аянтчасын куруу тапшырмасын берди.