Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев фонограмма маселесин көтөрдү. Ал буга чейин министрлик фонограммага тыюу салуу чечимин кабыл алганын эске салып, ушул убакка чейин бул боюнча эреже бузгандар жана жоопко тартылгандар болгон-болбогонун сурады.
Маданият министри Алтынбек Максутов фонограммага мамлекеттик маданий уюмдарда жана билим берүү мекемелеринде тыюу салган буйрук ушул жылдын башында кабыл алынганын белгиледи.
Жыйынтыгында, эки эреже бузуу катталган жана аларга сөгүш берилген. Ошондой эле учурда райондор үчүн музыкалык жабдыктарды сатып алуу иштери жүрүп жатат.
Мейкинбек Абдалиев министрдин жообунан кийин: "Фонограммага тыюу салганыңар абдан жакшы болду. Буга чейин үнүн аппарат аркылуу жасалмалап алган ырчыларды гана угуп келсек, эми чыныгы опера ырчыларын угуп калдык. Алардын үнү тунук дагы, бийик дагы экен", - деди.