Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев менен маданият министри Алтынбек Максутов айтыша кетишти. 

"Калк арасында кеп жүрөт: сизди ушул кызматка келгенден бери толуп алды анан байып алды деп айтып жатышат", - деди депутат. 

Буга министр чычалаган жообун узатты. 

"Жөн эле кооз сүйлөй берген болбойт. Мен кантип, качан байып кетиптирмин, факты менен сүйлөңүз. Сиз мени жаманатты кылып жатасыз", - деди ал. 

Фракциянын лидери Бакыт Сыдыков ортого түшүп, министрди тыйганга аракет жасады. 

"Эч ким эч кимди жаманатты кылган жок. Эл арасындагы сөздү айтып жатат. Сынды туура кабыл алганды үйрөнгүлө", - деди ал. 

Депутат Кундузбек Сулайманов дагы ушул темага кайрылып, Максутовду чыңалбай, кенен отурууга чакырды. 

"Биз силердин ордуңарды тартып алалы деген ниетте эмеспиз. Биз силерге жардам берели дейбиз. А силер дароо кызаңдап жатасыңар. Сында туура кабыл ала билгиле. Силердин ордуңар бизге керек эмес, азыр депутаттар оңою менен ордунан кетпейт", - деди ал.