Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1889

Жогорку Кеңештин "Ата-Журтум Кыргызстан" фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев маданият кызматкерлеринин, айрыкча филармониядагы артисттердин маселесин көтөрдү. 

Ал маданият кызматкерлери үй куруу маселеси канчалык деңгээлде каралып жатканын министр Алтынбек Максутовдон сурады. 

"Театрда иштеген адамдар бар, алардын бардык жашоосу театр. Эртең менен киришет, кечинде чыгышат. Алар бизнес кыла алышпайт, алып-сатуу колдорунан келбейт. Ошол адамдарга үй берүү жагы колго алынганбы?" - деди депутат. 

Максутовдун айтымында, буга чейин 2014-15-жылдары министр болуп келгенде маданият кызматкерлерине үй куруу үчүн "Дасмиянын" өйдө жагынан жер бөлдүрүп алышкан. Бирок каражаттын жетиштүү болбогонунан пландалган 5 имараттын бирөө гана курулуп баштап, ал дагы 2 кабаты гана курулуп, ошол бойдон токтоп турат. Азыр гана бул иш колго алынды, бул жылы эмес, кийинки жылдардан үй курулуп бүтүп калышы мүмкүндүгүн министр билдирди. 

Жеңишбек Токторбаев каражат жоктугуна шылтап отура бербей, аракет кылуу керектигин белгиледи. 

"Кийинки жылы бүтөт дегенди коюңуз. Бизге келбейсизби?! Каражат керек, үй курулбай калды, театрлардын акыбалы начар деп келбейсизби?! Акылбек Үсөнбековичтин алдына барып жатып албайсызбы?! Жок деп отура бересизби?  Маданият кызматкерлери көчөдө калды, көңүл буралы дебейсизби?! Артисттерди биз керек учурда гана ойлойбуз. Кайдан жайдан ижарага көйнөк, туфлилерин таап алып келип, кийгизип, тизип коебуз. Филармонияда 30-40 жылдап иштеген, комуз, ооз комуз, кыяк черткен артисттер бар. Биринин да наамы жок. Ошол эле учурда жарым жыл жарым жылаңач болуп фонограмма менен ырдап, бийлеп койгон ырчылар Эмгек сиңирген артист болуп жатышат. Сиз деле бул кызматта өмүр бою отурбайсыз, кеткениңизден кийин "Максутов мындай иш жасап кеткен" дегендей кылып иштеңиз да. Камчыбек Ташиевден үлгү алыңыз. Ал киши да түбөлүк отурбайт да, кандай имараттарды куруп, элге кандай кызмат кылып жатат, эртең артында ушул эмгеги калат", - деди Токторбаев.