Печать
Категория: Коом
Просмотров: 256

Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде эч кандай эс алуучу жайлар курулбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Айрым жарандарыбыз, соцтармактарда “Кыргызстандын аймагы тарабындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине Өзбекстан туристтик эс алуу жайларын курат экен”-деген жалган маалыматтарды таратып жатышат.

Андай маалыматтарды таратуу менен бирге, элде нааразычылык маанай жарата турган чакырыктарды кылышууда. Булар, кайсы бир саясий топтордун жана саясатчылардын тарапташтары. Атайын чагымчыл маалыматтарды жайылтуу менен, өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууну көздөшүүдө.

Тактап коелу, эч кандай эс алуучу жайлар, курорттук аймактар курулбайт. Келишимде көрсөтүлгөн нормалар бузулбай сакталат. Суу сактагычтын платинасын башкаруу теңме-тең эки өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кыргызстан тараптагы аймактын жашоочулары сууну колдонуу, сууга түшүү жана пайдалануусуна чектөө болбойт.

Андыктан, элдин пикирин бузуу максатында жалган маалымат таратып жаткандарды чагымчылдык кылбоого чакырабыз", - деп жазды Орунбеков.