Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

КР УКМК тарабынан Араван районунун кызматтык жана жооптуу мамлекеттик мекемелерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул иш боюнча, 2023-жылдын 17-майында Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.А. кармалды. Экспертизанын корутундусунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке алынган жер тилкесинин баасы 7,7 миллион сомду түзөрү аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 5-июнунда Араван филиалынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери И.А.Х. жана Ж.П.Ю. кармалган. Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектилишүүдө. Учурда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.