Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Катардын президенти Кыргызстанга болгон сапарында 25 тонна курма алып келгени айтылган. Ал кимдерге таратылаары белгилүү болду. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, гуманитардык жардам Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы социалдык мекемелерге, тактап айтканда, карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана мамлекеттик уюмдарга бөлүштүрүлөт.

Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Аль-Ради бул долбоор падыша Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору тарабынан ишке ашырылып жатканын билдирди.