2023-жылдын 31-майында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. жергиликтүү башкаруу органына ар кандай текшерүүлөрдү уюштурушкан. Андан соң текшерүүнү шылтоо кылып, "кызмат маселеңди шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам" деп коркутуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Бул аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.