Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосун соцтармакка жарыялады.

"Ардактуу кесиптештер! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Финансы - экономикабыздын таянычы.

Өлкөбүздүн экономикалык туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн бүгүнкү күндө финансисттерге тең салмактуу бюджетти түзүү, финансылык ресурстарды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттин экономикалык туруктуулугун, финансылык абалын көзөмөлдөө ар бир адистин коюлган милдеттерди билгичтик менен чече билүүсүнөн көз каранды. Мунун бардыгы республика үчүн чоң мааниге ээ.

Урматтуу кесиптештер!

Финансы кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилеси, алдыга коюлган максаттарга умтула билүүсү, ишке болгон жоопкерчилиги жана күчтүү жарандык аң-сезиминин аркасында өлкөбүздүн финансы системасы жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, каржы рыногун гана эмес, бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келе жатат.

Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!", - деди Бакетаев.