Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2126

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков легендарлуу парламенттин депутаты, өзү да билими, интеллекти, айлакерлиги боюнча "легендага" айланган Ишенбай Кадырбеков менен сүйлөшүүсүн жарыялады.

"Кыргыз эл баатыры Дооронбек Садырбаевди эскерүү аземи болду. Түгөлбай Казаков: “Докем көч баштаса көсөм, сөз баштаса чечен эле”, - деп кыска-нуска сүрөттөдү даңазалуу инсанды. Бир китепке батчу ойду бир макал менен таамай айткан элибизге кут, тилибизге береке.

Сый тамакта Ишенбай Кадырбеков, Медеткан Шеримкуловдор менен чогуу отуруп, баарлаша түштөндүк. Ишенбай ага экөөбүздү тууган деп ойлогондор да бар. Бирок, бул киши менен бирме-бир алгачкы маектешүүм ушул. Убагында үнү, сөзү таанымал, беделдүү эл депутаттарынан эле. Атам ыраматылык: “Кадырбеков абдан сабаттуу” деп калчу. Мен тургай атам баалап, барктаган инсанды эптеп сөзгө тартып, аз да болсо акыл-насаат угуп калгым келди. Кудай жалгап оюм оңунан чыкты. Ишенбай ага өзү менен бир чакырылышта депутат болгон, убагында республиканы кезек-кезеги менен башкарган Турдакун Усубалиев жана Апсамат Масалиев жөнүндө айтып берди:

“Усубалиевдин эс тутуму укмуш эле. Ошого карабай сөзүн дыкат даярдап, жазып окуп берчү.

- Сиздин эске сактооңуз феноменалдуу. Эмнеге кагаз карап сүйлөйсүз? - деп сураcам:

- Менин бул куракта бир үтүрдөн да ката кетирүүгө акым жок, - деп жооп берген”.

“Сөз күмүш болсо, угуу алтын” дегендей, угарманды сыйлап, ошол эле мезгилде өзүнүн аксакалдык бийик макамына көлөкө түшүрүүдөн сактанган кеменгерлигине кантип таң бербейсиң залкар мамлекеттик ишмердин?

Кадырбеков сөзүн улады: “Усубалиев келе элек болсо Масалиев жыйындар залына кирбей күтүп турчу. Аксакалды алдыга өткөрүп, соңунан гана астананы аттачу“.

Ошончо бийик кадыр-даражасын колко кылбай “Агадан мурда ат сугарбайт” деген Апсамат атанын асыл адебине таазим эттим ичимден. Не деген кичипейилдик, керемет адамдык сыпат? Ошон үчүн алар жүргүзгөн саясат таза, чырайлуу эле. Биз саясатты туура эмес түшүнүп жүрөбүз. Сатмай, атмай, секирмей, алдамай, амалданмай, өзүмчүлдүк, текебердик сыяктуу бейопа пенделик пейилдерибизди “ушундай экен” деп саясатка шылтайбыз. Түрктөрдө “гүзел саясат” деген түшүнүк бар. Бул адептүү, нарктуу, калыс, адам акысына кыянаттык кылбаган, өзгө пикирлерди да сыйлаган айкөл саясат деген маанини туюндурат. Жаратканым биз баскан жолду, кылган ишти, тутунган турумду, жүргүзгөн саясатты гүзел кыла көр, ылайым.