КР УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кыймылсыз мүлккө документтердин негизги пакетин жасалмалоо жолу менен жеке менчикти (туугандары жана мураскерлик боюнча иши ачылбаган каза болгон кары-картаңдардын) мыйзамсыз каттоо жана кийин кайра сатуу фактысы боюнча системалуу коррупциялык схема аныкталды.
Тактап айтканда, Бишкек мэриясынын кызматкерлери тарабынан жалгыз бой карылардын (каза болгон) кыймылсыз мүлктөрү аныкталып, алардын кыймылсыз мүлкү боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемеси аркылуу сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын жакындары жок экендигин, ошондой эле мураскерлик боюнча иши жоктугу тактап алышкан. Андан соң нотариустар жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, материалдык пайда алуу максатында, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлккө жасалма документтерди жасап, Бишкек мэриясынын кызыкдар кызматкерлеринин биринин жакындарына кайра каттатышкан.
Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо жана андан кийин сатуу боюнча зарыл болгон мыйзамсыз иштер жүргүзүлгөндөн кийин, алынган акчанын суммасы бул кылмыштуу схемага катышкан адамдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмыш ишинин алкагында жеке нотариус А.Ж.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана жеке нотариустар тарабынан жасалган ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо жана документтештирүү боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.