Печать
Категория: Коом
Просмотров: 278

Депутат  Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында электрондук сигарет темасын көтөрдү. 

Ал электрондук сигаренттерди балдарга сатууну чектөөнү Саламаттыкты сактоо министрлиги колго алышы керек деп эсептейт. 

"Саламаттыкты сактоо министрлиги Жогорку Кеңештен мыйзам күтүп отурбай, бул боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө тийиш. Мыйзамдын кабыл алынуусуна бир жыл кетет.

Сөзсүз түрдө депутаттар мыйзам кабыл алып, силерди түртмөлөп башташы керекпи, ошондо гана аракет кыласыңарбы? Өзүңөр деле ойлонуп, токтом чыгарсаңар болот да. Азыр 3-4 - класстын окуучулары чегип башташты, айрыкча кыз балдар. Студенттерге чейин чегишет. Көчөдө, троллейбуста, аялдамаларда чегип жатышат. Үйлөрүндө да чегишет, ата-энелери билбейт. Баасы арзан, жыты жок. Кайсы жерден болбосун сатып алууга болот. Өкмөттүн деңгээлинде чектөө киргизгиле. Силер бул жөнүндө ойлонгон да жоксуңар, эч кандай реакция да болбоду. Анын баары Кытайдан алынып келинет, Кытайдын өзүндөгүлөр дагы ага кандай суюктук куюуларын билишпейт", - деди Ташиев. 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Бажы биримдигинде бирдиктүү саясат бардыгын эске салды. 

"Электрондук сигарет дагы кадимки сигареттей. Биз аны кадимки сигареттен бөлүп көрсөтпөштүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди ал.